Марал Радиосу

Айымдардын илимдеги орду, муктаждыктары талкууланды

Борбор калаада 11-февраль эл аралык аялдардын жана кыздардын так илимдердеги орду күнүнө карата илим чөйрөсүндөгү көйгөйлөр талкууланды. Иш-чарaда илимге салымын кошуп келе жаткан аял, кыздардын жетишкендиктери тууралуу да маалымат берилди. Мындан сырткары, техникалык иштелмелердин долбоорлору менен да тааныштырды. Илимди өнүктүрүү багытында келечек пландар кеңешилди. Бүгүнкү күндө өлкөдө аялдардын жана кыздардын так илимдердеги орду кандай? Аларды кандай маселелер түйшөлтөт?


Аламүдүн районуна караштуу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы орто мектептин физика мугалими Гүлжан Мамбеталиева окуучуларын так илимдерге кызыктыруу максатында атайын ийрим ачып, биргеликте техникалык иштелмелерди жасоону өздөштүрүшүп, бир катар олимпиадаларга катышып келишет:

— Жөндөмдүү балдарды чогултуп иштеп келдик. Балдарды кызыктыруу үчүн интернеттен карап «ушуну жасап көрөлү» деп иштейт элек. Өткөн жылы XXI кылымдын интеллектуалдары конкурсуна катышып, долбоорлорубузду көрсөтүп, биринчи орунду алдык. Окуучум лазердик деңгээлди (уровень) жасады. Ал курулушта колдонулат. Алсак, пайдубалдын деңгээлин аныктоого жардам берет. Бул жабдык чет өлкөлөрдө 30-60 миң сом турат. Курулушта иштеген ар бир адамдын лазердик деңгээлди сатып алууга каражаты жетпейт. Ошондуктан, курулушчуларга жардам иретинде аны кайра иштеп чыкты. Өлкөдө таланттуу балдарды колдоп, долбоорлорун өндүрүүгө болот. 

11-февраль эл аралык аялдардын жана кыздардын так илимдердеги орду күнүнө карата уюштурулган иш-чара илимге салым кошкон аял, кыздардын башын бириктирип, бул жааттагы артыкчылыктар жана кемчиликтерди талкуулоого шарт түздү. Анда кыз-келиндерди техникалык кесиптерге тартууда жетишкендиктер бар экени, бирок ошол эле учурда илим тармагында кыйынчылыктар арбын экени белгилүү болду.

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалынын ээси, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Сагын Жекишова техникалык окуу жайларда лабораториялар жоктугун белгилеп, анын айынан көптөгөн ойлоп табуучулар иши аягына чыгара албай жатканына тынчсызданды:

— Техникалык университеттерде лабораториябыз жок жөн эле отурабыз. Тийиштүү жабдыктардын жоктугунан илим токтоп турат. Илимий изилдөө үчүн  Москвага барабыз. Алар деле берейин деп турган жери жок. Күндүз өздөрү иштетсе, кечинде орунун бошотуп беришет. Бирок түн ичинде кандай иш? Ошентип отуруп иш чоюлат, көп ойлоп табуучулардын жумушу аягына чыкпай калууда. Эгер лабораториялык шарттарды түзсөк, иштейбиз деген кыздар бар. 

Иш-чарада айымдар ишке ашырган долбоорлор менен таанышкан экс-президент Роза Отунбаева аялдардын илим чөйрөсүндө катышы аз экенине токтолду. Ал бул көйгөдү жоюу үчүн билим берүү саясатында STEM программасы (так илимдер, технология, инженерия жана математика) приоритеттүү багыт болушу керектигин белгиледи:

— Коңшу өлкөлөрдү карап көргүлө аялдар илим, техникада арбын. Муктажык болсо, элдин баары жылат экен. Бирок биз колубузду чөнтөккө салып «өндүрүш качан чылат» деп отурбашыбыз керек. Аялдар калктын 52 пайызын түзгөнү менен илимдеги катышы төмөн экенине көзүбүз жетип турат. Кыздар арасында филология, дипломатия мода болду. Ашып кетсе менеджментке окушат, андан башка илим, техникага кызыгып баргандар болбойт. Кана айым окумуштуулар? Кыздар, биз эмнеге бул жаатта такыр артта калып жатабыз? Эмне үчүн кыздар акчалуу жерге барып иштебейт? Биз техникалык окуу жайды аяктап, ишканада башкаруучулага чай ташыйт экенбиз. Ашып кетсе, чоңдордун акчасын эсептеп бухгалтер болот экенбиз. Бул жерде ата-энелер чоң роль ойнойт. 

Иш-чаранын алкагында айымдардын илимге болгон кызыгуусу төмөндөп бара жатканына себеп болгон факторлор аталды. Алсак, аспиранттардын стипендиясы төмөн. Университеттер бул маселени жоё албайт. Ал өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек. Бул тууралуу Кыргыз-Герман-Техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө илим жаатында кыйынчылыктар жок эмес:

— Кыз-келиндерди илимге тартуу багытында жетишкендиктер бар. Мындан 5 жыл мурда эки тармакта 500 студент билим алса, учурда алардын санын 1 миңге көтөрдүк. Кыз, аялдардын илимге болгон төмөндөөсү көп кырдуу… Аспирантура багытында билим алгандардын стипендиясы төмөн. Айлык жок болсо, илимге кызыгуу жок болот . Илимге финансылык каражат аз бөлүнөт. Техника, илимди өнүктүрүүнү каралбаса, күтүлгөн жыйынтыкка жете албайбыз. Илим жаатында сандар азаюуда. Чет өлкөдө илимий кызматкерлерге болгон шарттарды көрүп, намыстанат экенсиң.

Окуучулар да так илимдердин өнүгүүсү керектигин жакшы түшүнүшөт. Бирок эл аралык да, жергиликтүү да коомчулукта аялдар так илимдер менен алектенбеши керек деген стереотиптер дагы деле бар. Ошентсе да аялдардын илим чөйрөсүнө кошкон салымы зор, ал кээде байкалбай калышы мүмкүн. Мындай пикирин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын жетекчиси Динара Молдошева билдирди:

— Биз менен тыгыз кызматташкан кыздар, аялдар бар. Алар заманбап шарттардын түзүлүшү менен эркектер менен бирдей деңгээлде илим, IТ тармагына мыкты адис болуп жүрүшөт. Дүйнөдө технология тездик менен өнүгүүдө, биз агымга эриш-аркак жүрүшүбүз керек. Жаштар китепканага келип билим алуунун ордуна, интернеттен маалымат алат. Биз да китепканабызды замандын талабына жараша өзгөртүп, мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, китепкананын имаратында ири инновациялык борбор ачуу каралууда. Ал түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.

Ал эми вице-премер-министри Алтынай Өмүрбекова өкмөт илим тармагында белгилүү ийгиликтерди багындырган кыз-келиндерге сый акы берүү маселесин карап жатканын маалымдады. Ал белгилегендей, акыркы он жылда так илимдер престиждүү тармак болбой калды. Мунун көп себептери бар. Маселен, толук каржылоо жүрбөй жатканы себеп болушу мүмкүн. Ал кесиптердин популярдуу болбой жатканына инновациялык лабораториялардын жоктугу себеп болуп жаткандыгын белгиледи:

— Биз кемчиликтерди, өнүгүүгө тоскоол болгон маселелерди жоюуну каалайбыз. Лабораторияларда тажрыйба жүзүндө көрсөтүү зарыл. Ансыз так илимдер тууралуу айтуу мүмкүн эмес. STEM программасы билим берүүнүн прироритетүү багыты болот. Экономиканын эч кайсы түрү инновациясыз, жогорку технологияларсыз өнүкпөйт. Андыктан ойлоп табууга багытталган 154 млн сом каражат жыл сайын артышы керек. Түрдүү долбоорлор аркылуу илим чөйрөсүндөгү айымдарды колдойбуз. 

Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу Асель Сартбаеванын апасы Дамира Сартбаеванын пикиринде, балдар ийгиликтүү болушу үчүн алардын мектепке чейинки өнүгүүсү зор мааниге ээ. Бул багытта ата-энелер балдардын креативдүү ой жүгүртүүгө үйрөтүп, чыгармачылык өнүгүүсүн камсыздоосу абзел.

— Кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү зарыл. Мындан сырткары, окумуштуулар коомчулук менен тыгыз байланышса… Ал эми мугалимдер план толтурууга көп убакыт коротот. Мектептен сырткары ийримдер, аларды үйрөткөн мекемелердин жарнамасы жок. Жарнама болсо, киши келмек. Мектепте 30% окуучулар илимге багыт алса жакшы болмок. Ал үчүн мектептерди компьютерлер менен камсыз кылуу зарыл.

Кошумчалай кетсек, илимдеги айымдардын эл аралык күнү илим чөйрөсүндөгү аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздиктин көйгөйүн акуалдаштыруу жана бул маселеге максаттуу көңүл буруу үчүн 2016 жылы БУУ тарабынан бекитилген.