Биз менен байланышыңыз

Чаткал районунда кар көчкүдөн жабылган жолдор бир тараптуу ачылды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 366 | 0

Бүгүн, 10-февралда саат 08:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500 чарчы метр жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9- чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 3500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолдор жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 грейдер тартылып, саат 10:30да унаа жолдор бир тараптуу ачылган.

Учурда толук тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM