Марал Радиосу

Тайландда аскер кызматкери аткан октон каза болгондор 29га жетти

Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарындагы ок атуудан каза болгондордун саны 29га жетти. Андан сырткары, 63 адам ар түрдүү жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Прают Чан Оча маалымдаган.

«Каза болгондордун ичинде атайын күчтөрдүн жоокерлери, жарандар жана ок аткан адамдын өзү бар», — деди Өкмөт башчы.

Анын айтымында, аскер кызматкери үйүн сатуудагы көйгөйлөрдөн улам адамдарга ок чыгарган.

Ишемби күнү, 9-февралда 32 жаштагы Жакрапант Томма алгач аскер лагеринде үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдап качкан. Ал «Терминал-21» соода борборуна бараткан жолдо, ощондой эле анын ичинде адамдарга ок атып, бир тобун барымтага алган. Анын кандай талаптарды айткандыгы тууралуу маалымат жок.