Марал Радиосу

Салык кызматы январда планды 29 млн сомго көп аткарды

Январь айында 4 млрд 832 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100,6 %га аткарылды же 29,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

2019-жылдын январына салыштырмалуу салыктар 185,1 млн сомго көп жыйналган.