Биз менен байланышыңыз

Казакстандык сегиз жаран Алматыдагы ооруканаларга которулду

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 433 | 0

Кечээ, 9-февралда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Кыргызстанга келип, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Андан соң алар Бишкекте дарыланып жаткан казакстандыктардан кабар алышыты. Камалжан Надыров кыргыз өкмөтүнө жана дарыгерлерге Кордайдагы жаңжалдан жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Казакстандан келген делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жаңжалдан жабыркагандардын андан аркы дарылануусу Казакстанда өтө турганын билдирди.

Жолугушуулардан кийин Кыргызстанда дарыланып жаткан Казакстандын 8 жараны тез жардам кызматынын унаалары менен Алматы шаарына которулушту.

8-9-февралда медициналык жардам сурап, жалпысынан 34 казакстандык жаран кайрылган. Алардын 21ине амбулатордук жардам берилсе, 13 адамга стационардык жардам берилди.

Бүгүнкү күндө Токмок аймактык ооруканасында казакстандык 5 жаран дарыланууда, алардын абалы туруктуу.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дуңган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү. Айрым маалымат булактарында жаңжалдан кийин кыргыз-казак чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына 4500дөй кишинин өткөнүн кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM