Марал Радиосу

Ошто бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети Ош шаарында “Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өткөрөт.

Бул демилгени ишке ашырууга БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Швейцариянын башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорлору көмөк көрсөтөт.

Парламенттик угууга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен Ош шаарынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү чакырылат.