Марал Радиосу

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко америкалык мушкер Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп, UFC уюмунун 247 турниринде 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму өзүнүн расмий Instagram баракчасына жарыялады.

Мелдеш Техас (АКШ) штатындагы Хьюстон шаарындагы “Toyota Center” аренасында өтүп, UFC 247 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Валентина Шевченко үчүнчү раундда атаандашын нокаутка кетирип, беттеш токтотулду.

Эске салсак, 2019-жылдын 9-декабрында Канадада өткөн турнирде Шевченко атаандашы Жоанна Енжейчикти жеңип, биринчи жолу өзүнүн краьералык жолунда UFC чемпиону болгон болчу. Андан кийин 9-июнда америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп,чемпиондук курун коргоп калган болчу.

Exit mobile version