Марал Радиосу

Замирбек Аскаров кооптуу аймактарды кыдырат

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кооптуу аймактарды кыдырат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр Кыргызстандагы кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктарды алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базанын абалы менен жеринен таанышат.

Тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кийинки аптада Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына барат. Андан соң министр Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарын иш сапары менен кыдырат.