Биз менен байланышыңыз

Хубэй провинциясында 91 жаштагы жаран коронавирустан айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 684 | 0

Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирусту жуктургандардын арасында эң улуусу болгон, 91 жаштагы Ван фамилиясындагы жаран айыкты. Бул тууралуу  CCTV орус кызматы жазды.

Оорулуу 23-январда Хубэй провинциясындагы Ичан шаарындагы №3 ооруканага коронавирустун жаңы түрү менен түшүп, 7-февралда үйүнө чыгарылган.

Оорудан айыккан 91 жаштагы Ван фамилиясындагы жаран Кытайда аталган оорудан айыккан эң улуу пациент болуп саналат.

«Мен айыкканыма аябай кубанычтамын. Менин ден-соолугум үчүн кам көргөн жана тынчсызданган баардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем» , — деп билдирген Ван.

Аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Ду Дэбина билдиргендей, аталган окуя коронавирус менен күрөшүүдө ден соолугунун абалы оор болгон жарандарды айыктырууга болгон ишенимди арттырат.

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары, 23 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар катталды.

2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM