Биз менен байланышыңыз

Баткен: Алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 326 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Бишкек” дүкөнүнөн элиталык алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, дүкөндө Казакстан жана Орусиянын акциздик маркалары менен ар кандай аталыштагы жана идиштеги спирт ичимдиктери сатылып турган.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 230 миң сомго ар кайсыл түрдөгү 223 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM