Марал Радиосу

Кордайдагы жаңжал: Токмоктогу ооруканага 18 жаран кайрылды, арасында кыргызстандык да бар

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан кийин Токмок аймактык ооруканасына медициналык жардам сурап, 18 жаран кайрылган. Алардын бири кыргызстандык болсо, калгандары Казакстандын жарандары болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кайрылгандардын 8ине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, амбулатуралык дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми 8 жабыркаган жаран Токмок аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Министрликтин маалыматында, дарыгерлер бейтаптардын абалын орточо оор деп баалашкан.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дунган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Кыргызстандын Чек ара кызматы өткөрмө пункттарында абал туруктуу экенин, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдаган болчу.