Биз менен байланышыңыз

Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 8919 | 1

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана ошондой эле автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов 10 000 доллар өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, министрдин орун басары УКМК кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген. Ошол эле күнү автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш жаза кодексинин “пара берүү” беренси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM