Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тили ЖРТга киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 906 | 1

Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка туура келбейт жана маалыматтар бурмаланып берилип калган. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министринин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анткени 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. 70% кѳбүрѳѳк бүтүрүүчүлѳр ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, — деди Марат Усеналиев.

2019-жылдан тартып мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарына өз каалоолору менен «Кыргызтесттен» өтүү мүмкүнчүлүгү берилип, колуна сертификат алган абитуриенттерге жогорку окуу жайларга кирүүдө жеңилдиктер каралган.

Марат Усеналиев кошумчалагандай, 2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку чек 238 упай болду. Жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп 43 миң 440 абитуриент катышкан болсо, босого упайдан 27 миң 19 бүтүрүүчү же 62,2% өтө алды.

1 пикир

1 пикир

  1. Шарипбек

    01.03.2020 12:05

    Окуучу кантип тепти уйлбай ал мугалимге эскертуу берсе деле мындан ары иштей албайт ал конгон адатын кайраэле жазай берет.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM