Бишкекте жол коопсуздук кызматкерлери көчөдө туруп унааларды тоспой турган болду. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдыев “Маралга” берген маегинде билдирген. Анын айтымында, патрулдук милиция кызматкерлеринин тартипти камсыздоо ыкмасы өзгөрдү:
-Атайын эреже бузулган убакта милиция кызматкерлери унаа менен барып, эскертүү берип токтотот. Издөөдө жүргөн унаа болсо же туура эмес жерге токтогон учурда да патрулдук милиция текшере алат. Бирок таякчасын кармап, жолдо туруп тосконго болбойт.
Сатыбалдиевдин айтымында, патрулдук милиция түзүлгөндөн кийин Бишкек шаарында жол кырсыгы 20 пайызга төмөндөдү.