Марал Радиосу

Кыргызстандыктар Латвияда акысыз билим ала алат. Программанын шарттары

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.

Бул —  бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай), илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот — www.viaa.gov.lv/scholarships .