Биз менен байланышыңыз

Аскар Салымбеков Кытайга жардам катары 50 миң беткап берет

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 2241 | 1

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Кытайга жардам катары 50 миң беткап берет. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Коомдук ишмердин айтымында, коронавирустун жайылышы Кытай элинин башына түшкөн зор сыноо жана аны бирдиктүү чаралар менен жеңүү керек.

Акыркы убактарда биз — бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын. «Дордой» Ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 миң маска алып, Кыргыз Республикасынын ӨКМне тапшыруу чечимин кабыл алды , — деп жазган Аскар Салымбеков.

Ошондой эле, ал коңшу кытай элинин башына оор иш түшүп турганда, ар кандай ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырып, илдетке чалдыккандардын тезирээк оорудан арылып, сакайып кетүүсүн каалаган.

1 пикир

1 пикир

  1. IRA

    07.03.2020 06:07

    Аскардын жардам бергени жакшы экен,бирок өз элин да ойлоп койсо,айрыкча жетим жесир,кары картаң пенсионер колу жука катмарларын.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM