Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.
Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, сунулган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын айтты:
-Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун, — деди ал.
Эркин Асрандиев 2017-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондусунун төрагасы болуп эмгектенип келген.
Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.