Марал Радиосу

Футзал: Азия чемпионаты коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Азия футбол конфедерациясы футзал боюнча 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатын Кытайдагы коронавирустун жайылышына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Азия чемпионаты 26-февралдан 8-мартка чейин Түркмөнстанда өтөрү белгиленген болчу.

Азия чемпионатына даярдыктын алкагында Кыргызстандын футзалчылары Түркия курамасы менен эки ирет жолдоштук беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңип алган.