Марал Радиосу

Ошто жол кырсыгынан өрт тутанып, 7 адам каза болду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, унаа өрттөнүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 7 эркек адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.