Биз менен байланышыңыз

КЛДП партиясы 2023-жылдагы президенттик шайлоого катышат

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 2947 | 0

КЛДП партиясы апрелде өтчү жергиликтүү шайлоого (Ош, Токмок) жана 2023-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгат. Мындай пикирин аталган партиянын теңтөрагасы Жанар Акаев КЛДПнын презентациясында айтты.

Ошондой эле Акаев КЛДПнын партиясынын катарында бийлигине, байлыгына ишенгендерден эч ким жок экендигин кошумчалады.

«Бизди олигархтар менен колунда бийлиги барлардан сактай турган-шайлоочулар. Көпөстөр, акчасы көптөр бизди карап, мыйыгынан күлүп турушат. Жаңылануунун мезгили келди. Парламентке, өкмөткө ишеним азайды. Эл ишеним артчу альтернатива издеп жатат. Биз бул боштукту толтургубуз келет«, -деди КЛДПнын теңтөрагасы.

Мындан сырткары, ал КЛДП партиясын колдоочулар үчүн атайын банктык эсеп ачылганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM