Марал Радиосу

Евробиримдик Кытайга 12 тонна коргоочу кийимдерди жөнөттү

Учурда Кытайдагы коронавирустун жайылышына байланыштуу Евробиримдик аталган өлкөгө коргоочу кийимдерди жиберди. Жөнөтүлгөн жүктүн жалпы салмагы 12 тонна. Жүк учурда Кытайга жөнөтүлгөнүн ишемби күнү кечинде Еврокомиссия билдирди.

Кытайдын жетекчилиги коронавирус менен күрөшүүгө жардам сурап, Евробиримдикке кайрылган. Евробиримдиктин өзгөчө кырдаалдар боюнча борбору мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнө кайрылып, жардамдын биринчи партиясын даярдаган.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Кэцян Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «тез жардам» берүүнү суранган болчу.

Учурда дүйнө жүзүндө коронавирус катталган өлкөлөр 27ге жетти. Ал эми коронавирусту жуктургандардын саны 12 миңди түзөт. Аталган вирустан 250дөн ашык адам көз жумду.