Биз менен байланышыңыз

Орусия аскерлери Кытайдагы жарандарын эвакуациялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 588 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен Орусиянын аскерлери коронавирустун жайылышына байланыштуу 3-4-февралда Орусиянын аба-космостук күчтөрүнүн учактары менен Кытайдагы жарандарын эвакуациялайт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков кечээ, 1-февралда билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Кытайдагы орусиялык жарандарды Орусиянын коргоо министрлигинин беш учагы алып келет. Ар бир учакта аскер дарыгерлери жана вирусологдор, керектүү дары-дармектер, жеке коргонуучу кийимдер жана диагностика коюучу жабдыктар болмокчу.

Дүйнө жүзүндө коронавирус катталган өлкөлөр 27ге жетти. Ал эми коронавирусту жуктургандардын саны 12 миңге жетти. Аталган вирустан 250дөн ашык адам көз жумду. Орусияда болсо вирус жукту делген шек менен эки кытай жараны катталган. Орусиянын Пекиндеги элчилигин маалыматы боюнча Кытайда Орусиянын жарандары аталган оору менен катталган эмес.

Буга чейин Германия, Британия, Испания жана АКШ илдеттин очогу болгон Хубэй провинциясынан өз жарандарын чыгарып кеткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM