Марал Радиосу

Бүгүн Кыргыз либерал демократиялык партиясы өзүн расмий тааныштырат

Кыргыз либерал демократиялык партиясы (КЛДП) бүгүн, 2-февралда саат 14:00дө «Асанбай» маданий борборунда «Жаңылануу мезгили» презентациясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди.

Жаңыланган саясий топтун миссиясы, багыты жана башка бардык маалыматтарды лидерлер – Сейтек Качкынбаев, Эльдар Абакиров, Жанар Акаев айтып беришет.

Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер жана тилектеш жарандар катышат.