Марал Радиосу

Квалификациялардын улуттук системасы талкууланды

Квалификациялардын улуттук системасынын башкы максаты — билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу. Анда иш берүүчүлөр талаптарын сунушташты. Билим берүү министрилиги сунуштарды эске алып, окуу программасына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип, бизнес-ассоциациялардын, ЖОЖдордун, колледждердин жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда квалификациялардын улуттук системасын бекитет.


Бишкекте «Квалификациялардын улуттук системасы – Кыргызстанда адамдык дараметти өнүктүрүү үчүн негиз» аттуу тегерек стол уюштурулуп, билим берүү менен эмгек рыногун байланыштыруу маселелери талкууланды.

Секторду өнүктүрүүнүн программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр долбоорунун алкагында бизнес-ассоциациялардын, ЖОЖдордун, колледждердин жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрүнүн сунушу менен алдыда кесиптик стандарттар, тагыраагы, ар бир кесип ээсинен талап кылынган жөндөмдөр иштелип чыгат. Анын негизинде билим берүү стандарттары да кайрадан каралат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүрөв кабарлады:

— Долбоордун алкагында билим берүү стандарттары каралган соң, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жагында көптөгөн иш-чаралар каралган. Мындан сырткары, улуттук квалификация системасынын алкагында учурда эмгек рыногу кандай жөндөмдөрдү талап кылып жатканы макулдашылат. Билим берүү багытындагы стратегиялык документ бекитилет. Долбоордун мөөнөтү 2021-жылдын соңуна чейин каралган. Ага чейин билим берүү системасына конструктивдүү өзгөрүүлөр кирет.  

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик деңгээлин аныктоочу документ ыйгарылат. Ал көз карандысыз комиссия тарабынан берилери күтүлүүдө. Документ эл аралык стандарттарды камтып, башка мамлекетте жумушка орношууда жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн Билим берүү министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова маалымадады.

Ал студенттеринин көндүмдөрүн арттыруу багытында жумуш берүүчүлөр менен тыгыз иштешүү зарылчылыгына токтолду:

— Өндүрүштө да билим алууга шарт түзүү боюнча мыйзамдын долбоору каралып жатат. Ал колдоо таап калса, студент кечиби боюнча бир өндүрүшкө барып, тажрыйба топтой алат. Буга бизнес сектор эки колдоп макул болот деп ойлойм. Анткени багы чейин бизге ишенбей кадрларды өздөрү даярдаганга чейин барышчу. «Силерден келген балдарды кайра окутууга туура келип жатат» деген абал бар эле. Учурда ширетүү, курулуш тармактарындагы адистиктер маанилүү болуп жатат. Мындан сырткары, окутуучулардын да деңгээли каралат. Алардын чеберчилиги боюнча конкурстун негизинде теңме-тең окутууну өткөрө баштайбыз. Ал жерден мугалимдердин деңгээли билинет. 

Бизнес коомчулук көп учурда окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жетиштүү көндүмдөргө ээ эместигин айтып, билим берүү мекемелерине нааразычылыгын билдирип келишет. Бул көйгөйдү жоюу үчүн жумуш берүүчүлөр билим берүү министрилиги менен чогуу иш алып баруусу керек. Мындай пикирин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев билдирди:

— Позитивдүү жыйынтык бирге иш алып барганда гана ортого чыгат. Бирок бизнес коомчулук да жакшы уюштурулбай, көйгөйлөр чыгып жатат.  Учурда анын үстүнөн иш алып барылууда. Кесиптик лицейлер миңдеген студенттерди окутуп чыгарат, бирок алардын техникалык жабдуулары эски. Ал эми жаңы технология алгач фирма, компанияга келет. Ишканалар окуу жайларга жардам берип, чогуу иштешсе же тажрыйба алмашууга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Болбосо ушинтип жүрө беребиз.

Ал эми Билим берүү министрлигинин алдындагы Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Атаканов квалификациялардын улуттук системанын эффективдүү иштөөсүндө жумуш берүүчүлөр өздөрүнүн ролун толук түшүнбөй жатканын белгилейт.

— Биз аны түшүндүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Анткени долбоордун алкагында кесиптик стандарт түзүп жаткан кезде жумуш берүүчүлөрдү камтууга мажбур болуп жатабыз. Бирок аларды туура түшүнүү зарыл, жумуштары менен алектенип, убактысын короткусу келбейт. Бирок азыркы долбоордун эртеңки күнкү пайдасын жумуш берүүчүлөр көп көрөт. Аймактарда да 15 кесип боюнча стандарттар иштелип чыгууда. Биринчи этапта аймактык жумуш берүүчүлөр менен мугалимдерди камтыганбыз, алар сунушун айтты. Анткени региондорду өнүктүрүшүбүз керек. Биз менен иштешебиз деген бирикмелерге эшигибиз ачык. 

2019-жылдын сентябрь айында кесиптик стандарттарды изилдөө боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ага Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинин өкүлдөрү да катышып, өз сунушун беришкен. Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Камалдин Токтосартов келечекте зарыл боло турган кесиптерге токтолду:

— ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде пайда болгон кесиптерди эми биздин окуу жайларга киргизүү максаты турат. Андай кесиптер боюнча 2 пилоттук долбоор жүргүзүп жатабыз. Кендерде өнүктүрүү тармагында эң негизгиси геологияга байланыштуу кесиптер, бара-бара өндүрүшкө чыгаруудагы адистиктер актуалдуу болот. IT адистерге да талап көп. Талап жоголуп бара жаткан кесиптерди да изилдеп чыгып, терең кароо зарыл. 

Кошумчалай кетсек, «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору Азия өнүктүрүү банкынын гранттык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ага 16 млн доллар каралган. Долбоордын мөөнөтү 5 жыл.

Exit mobile version