Марал Радиосу

Жолдошбек Жунушев кызматынан бошотулду

Жолдошбек Жунушев Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жолдошбек Жунушев аталган кызматка 2018-жылдын май айында келген болчу.