Марал Радиосу

УКМК: Соттук аткаруучу пара менен кармалды

Кечээ, 30-январда ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-ж.т. “Н.Т.” кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан  билдиришти.

Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.уулу Э.” аттуу жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.