Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Германияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 345 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Берлин шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Министр кыргыз-герман кызматташтыгынын эки жана көп тараптуу форматтагы абалдары жана келечектери жөнүндө өз пикирлери менен бөлүштү.

Мамлекеттик органдардын «Түндүк» өз ара аракеттенүү электрондук тутумунун алкагында ТИМ активдүү иш алып бара жатканын белгилеп, «Паспорт», «Жаран», «ЗАГС», «Консулдук эсепке алуу» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын Тышкы иштер министрлигинде киргизилгендигин жарандарга маалымдады.

«Түндүк» тутумунда бардык мамлекеттик органдар маалымат алмашууга жалпы кошула аларын жана бул жарандарга электрондук формада кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Ошондой эле, министр расмий портал аркылуу жол-жоболоштурула турган КРнын электрондук визасы тууралуу да кыскача айтып берди.

ТИМ башчысы консулдук-укуктук чөйрөдө маселелер келип чыккан учурда зарыл консультацияларды алуу үчүн жарандар Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелерине ар дайым кайрыла алышарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM