Биз менен байланышыңыз

«Ысык-Көл» биосфералык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 421 | 0

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыкты.

Мыйзам долбоору аймактын жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдеринин, эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу  жана «Ысык-Көл» биосфералык чөйрөсүн жигердүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Долбоор менен аракеттеги мыйзамдын Биосфералык аймактар түшүнүгү жана статусу толукталууда. Ага ылайык, биосфералык аймак коргоонун жана пайдалануунун белгиленген өзгөчө режими менен, өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана саламаттыкты чыӊдоочу мааниге ээ экендиги белгиленүүдө.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен биосфералык аймактагы илимий-изилдөө иши жаратылыш комплекстерин же объектилерин изилдөөгө, экологиялык кырдаалды баалоо жана алдын ала болжолдоо максатында жаратылыш процесстеринин динамикасына көзөмөл жүргүзүүгө, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууга, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү коргоого, кайра жаратууга жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө  багытталары такталган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM