Марал Радиосу

Болот Момбеков коррупцияга шектелип кармалды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда АКИpress агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Болжолдуу маалымат боюнча, ал жарандардын бирине бир нече маалымат кат даярдап берүүнү убадалап, 1800 евро алган. Бирок убадасын аткарбай, акчаны да кайтарып берген эмес.

Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан директор кармалганын тастыктап, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.