Марал Радиосу

Журналист Эрнис Эшимканов дүйнөдөн кайтты

Журналист Эрнис Эшимканов (Асек уулу) дүйнө салды. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.

Эшимканов “Асаба”, “Агым” гезиттеринин редактору болуп иштеген. Ал маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси.

Кесиптештеринин айтымында, Эрнис Эшимкановдун жүрөгү кармап, каза болгон.

Журналист Эрнис Асек уулунун сөөгү 31-январда кичи мекени Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылына коюлат.