Марал Радиосу

Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди

Бүгүн, 28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келди. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында өткөн Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйынында билдирди.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолуктары канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Келген студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 27-январынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Казакстан аркылуу келген.

Ички иштер министрлиги Кытайдын жогорку окуу жайларында окуган Кыргыз жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышып турушат.