Марал Радиосу

Мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү унаа кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү унаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 1 млн 648 миң 220 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.