Марал Радиосу

Миллиондогон өлүмдөрдүн «очогу» Освенцим 75 жылдан кийин [фотогалерея]

27-январь… Бүгүн дүйнө Освенцим лагериндеги боштондуктун 75 жылдыгын белгилөөдө. Аушвиц, Биркенау аталыштарын камтыган Освенцим комплекстик лагери 1940-1945-жылдары болгон. Бул аралыкта аталган лагерде ар кандай маалыматтарга караганда, 1 миллиондон 2 миллионго чейинки адам өлтүрүлгөндүгү айтылып келет. Анын ичинде миллиондой еврей, 60 миң поляк жана 14 миң советтик туткундар бар.

Освенцим 1945-жылы 27-январда Кызыл армия тарабынан бошотулган.

Лагердин аймагында 1947-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген музей түзүлгөн. 2006-жылдан тарта БУУнун чечими менен Освенцимдин бошотулган күнү эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Освенцим — Аушвиц II Биркенау концлагериндеги «Өлүм эшигине» алып баруучу темир жол

Концлагердеги туткундардын бут кийимдери

Освенцим-Биркенау мурунку улуттук лагеринде кайгыруу менен жазылган «Эмгек боштондукка жеткирет» таанымал жазуусу бар

Освенцимде газ камерасында өлгөн туткунга таандык көз айнек

Туткундарды кармоочу өлүм лагериндеги түтүн чыгаруучу түтүктөр

Жыгачтан жасалган жатуучу жайлар

Концлагердеги «Токто!» жазуусу жазылган тактай

Освенцимдеги үйлөр

Лагердеги мештердин бири

Биркенаудагы күзөт жайы

Биркенау лагериндеги санитардык жайдын көрүнүшү. Туткундар дааратканага бир күндө эки гана жолу кире алган, анда да 30 секунддан ашык эмес убакытка

«Аушвиц-Биркенау» лагериндеги өлүмдөн бери ондогон жылдар өткөнүнө карабай, бул аймакта дагы деле коркунуч менен тынчсыздануу сезими сакталып турат