Марал Радиосу

Кытайдан ташылган айыл чарба продукцияларына өзгөчө көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай эл республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду.