Марал Радиосу

Чүй облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26- январда саат 15:16да Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.