Марал Радиосу

Кыргызстандын кыздары CAFA U19 Futsal мелдешинде Өзбекстан менен ойнойт

Бүгүн, 25-январда 19 жашка чейинки Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (U-19) CAFA U19 Futsal мелдешиндеги кезектеги беттешке чыгат.

Башкы машыктыруучу Келкел Анарбековдун кыздары Өзбекстан курамасына каршы ойношот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.

Кыргызстандын футзалчы кыздары буга чейинки беттешинде Ооганстандын командасын 3:0 эсебинде утуп алышкан.