Марал Радиосу

Гүлсина Чотонова: Геннадий Базаровдун үчилтиги мага ийгилик алып келди 

Бир нече кинолордо роль жараткан актриса, телережиссер Гүлсина Чотонова “Мен жана мезгил” программасына чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу маек куруп кетти. 

-Гүлсина айым, саламатсызбы? Кош келиңиз!

-Саламатсызбы, чакырууңузга ыраазычылык билдирем.

-Гүлсина  айым, кеп куржунду ачалы. Кыргыз Республикасынын  эл артисти Геннадий Базаровдун  «Кара кыз» тасмасында башкы каарманды жараткан актриса катары сизди эл тааныйт. «Ааламга жол- айылдан башталат» демекчи, сиз кайсыл жердин кызы болосуз?

-«Туулган  жердин — топурагы алтын» дегендей, мен дагы өз айлымды аздектеп, сыйлагандардын катарына  кирем. Кичи мекеним — Жалал-Абад облусуна  караштуу Аксы районунун Сыны айылы.

-Азыркы кыргыз аялзатынын ролу, орду кандай?

-Ар бир учурдун  өзүнүн мыктылары болот. Кыргыз аялзаты — кыргыз баалуулугунун символу, эзелтеден эле  элибиз мыкты аялзатын алдыга сүрөп, аларга ишеним артышкан. Биздин ак элечек энелерибизди калкыбыз сыйлайт.

«Кара кыз,» «Метаморфоза», «Исход» деп  аталган 3 кинодо чачыңызды  кырдырып катышкансыз? Сыры эмнеде?

Бул кинолор  Кыргыз Республикасынын  эл артисти Геннадий Базаровдун үчилтиги  болуп  саналат:

«Каракыз»тасмасында  эгемендүүлүктөн кийинки башаламандык көрсөтүлгөн. Ошол учурда өздөрүнүн  багытын  таппай калган мезгил чагылдырылат.

«Метаморфоза» киносу жогоруда  айтылган ойду улайт. Батыштын  таасири күчтүү болуп, ошол убактагы элдин жан дүйнөсүндөгү жабыркоолорду сүрөттөйт.

«Исход» тасмасында болсо, жашоодогу болгон көрүнүштөрдү көргөзөт. Философиялык ойлор басымдуулук  кылат. Геннадий Садыровичтин аталган үчилтиги мага ийгилик алып келди.

-Бул тасма аркылуу кино айдыңында бир чоң нюанс жараткансыз. Акыркы жылдары  актрисалык өнөргө мамилеңиз салкындап бараткансыйт? 

-Баш-аягы биригип, 10 киного тартылдым. 4 фильмде башкы ролдордо ойногонмун. Калган тасмаларда  2-3- каармандардын образдарын жараттым.  Бир убакта  балдарым  менен  алаксып, такыр чыгармачылыкка көңүл бурулбай калган учурлар  болгон.

-Кандай ролдорго сунуш түшүүдө?

-Азыр чакырылган жерлерге барып, сценарийлерди карап көрөм. Туура келсе, тартылам. Ылайыктуу эмес  болсо, баш тартууга туура келет.

-Сизди телережиссер катары тааныйбыз, эмне себептен бул кесипти тандап алдыңыз?

-Алгач, Кыргыз драм театрында иштедим, андан кийин телевидениеге режиссерлукка келдим. Бул тармакта  эмгектенгениме 25 жылдын жүзү болуп калды. Уюткулуу жердин  уюткусу  жакшы  сезим калтырды. Кесиптештер менен туз насиптеш болгонго жакшы мүмкүнчүлүк  болду.

-2003-2004-жыларды эске салсак, мыкты клипмейкер деген наамды сизге ыйгарышыптыр. Клип тартуу азыр да улануудабы?

-Ошол убакта  “Арноо” концертинде иштечүмүн. Ал кезде клип тарткандар аз болчу. Клиптер дагы чанда эле чыкчу. Ал кезде  ырчылардын көп клиптеринин жаратуучусу мен болгонмун (күлүп).

-Ырыс Окенованын  «Акшоола» сериалында дагы роль жаратып калдыныз. Сериалга  тартылуунун оорчулугу жана кадимки толук метраждуу тасмадан айырмачылыгы?

-Терс каарманды дагы ойноп көрүш керек да. Өзүмдү ошол каармандан дагы сынап көргүм келди. Бирок, элден башкача көз караш  менен ойлор айтылып жатты. Ал эми кино менен сериалдын айырмачылыгына токтолсок, сериал кыска мөөнөттө тез тартылыш  керек экен.  Ал эми фильмде  болсо өзүңдүн көңүлүң толмоюнча кайра дубль тартууга сурансаң болот. Бир күндө 5 мүнөттүк кинонун үзүмү тартылса, бул чоң ийгилик болуп саналат. Ал эми сериалдыкы аябай бачым тартылат экен. Өзгөчөлүгү ошондо.

-Чыгармачылыктын ааламы кандай экен?

-Кино жааты аябай таасирлентти. Советтер союзу урагандан кийин бул тармак абдан эле салкындап  калган. Фильмдер тартылбай  калган. Бирок, керемет ааламга аралашып калганыма Жаратканга ыраазы болуп келем.

-Жолдошуңуз сиздин тандооңузду четке каккан жокпу?

“Каракыз” тасмасына  тартылгандан  кийин турмушка чыкканмын. Бул тармакты жакшы билчү. Кийинки  кинолордо сценарийлерди алып барганымда «жөн эле койчу» деп каршы чыккан. Кээ бир ролдорго тартылбай калганмын.