Марал Радиосу

Кыргызстандык мушкер Абу-Дабиде жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Атабек Абдимиталипов Hard Knox Fight Gear мелдешинде жеңишке жетти. Атабек 66 килограмм салмак ченинде октагонго камерундук Теренсе Саменге каршы чыккан. Үч раундга созулган беттештин жыйынтыгында, калыстардын чечими менен кыргыз мушкери жеңүүчү деп табылды.

Мелдеш 23-январда Абу-Даби шаарында өткөн.

Кошумчалай кетсек, Атабек Абдимиталипов Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) эмгектенет.