Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келинген 3 млн сомдук сагыз кармалды

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 588 | 0

Аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокен районуна караштуу Кок-Жар айлында кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 412» автоунаасы токтотулуп текшерилди. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 миң пачка Orbit маркасындагы сагыз табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кармаган учурда айдоочу ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Эксперттин берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн. 024 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар  Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM