Марал Радиосу

Бакиров: Кыргызстандагы жашоого наалыгандарды Памирге жөнөтүү керек

Кыргызстандагы жашоо шартына нааразы болгон жарандарды Памирге жөнөтүү керек. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты.

Вице-спикер Бакировдун айтымында, Памирдеги оор жашоону көргөн жарандар, Кыргызстандагы жашоо тууралуу терс ойлорун өзгөртүп наалыбай калмак. -Памирдеги жашоо кандай оор экенин биз ЖМКлар аркылуу жана тарыхчылар Айдаралы Сапарбаев менен Кубанычбек Темиркуловдун эмгектеринен окуп жүрөбүз, — деп кошумчалаган депутат.

Ошондой эле, Памирдеги этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү боюнча да иштер уланышы керектигин жана мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген депутат Мирлан Бакиров.