Марал Радиосу

Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Нурболот Мирзахмедов 2018-жылдын 20-апрелинен тарта аталган кызматты аркалап келген.