Марал Радиосу

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыянбек Сатыбалдиев берген арызына ылайык, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматка 2016-жылдын октябрь айында ошол учурдагы Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык кызматка келген болчу.