Марал Радиосу

“Дордой” жаңы футболдук сезонго Түркияда даярдык көрөт

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону, Бишкектин «Дордой» клубу, сезон алдындагы окуу-машыгууларын Түркияда өткөрөт. Бул тууралуу аталган клубдун атайын өкүлү Тенгелбес Мусаев билдирди.

Команда учурда Анталияда жүрөт. Машыгуунун жыйынтыгы менен эки сыноо беттештерин өткөрүшөт.

«Дордой» өткөн жылы Кыргызстандын премьер-лигасын утуп, өз тарыхында 11- жолу өлкө чемпиону болгон.