Биз менен байланышыңыз

23-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 361 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10… күндүз: 0……..5°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: 0………5°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -4……-9….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -6…..-11..….күндүз: -3……..2°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -21……-26…..күндүз: -10..……-15°C

23-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5……-7°C, күндүзү 2………4°C.

Copyright © 2017 Maral FM