Марал Радиосу

Өлкөгө бир тонна күйүүчү майды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кечээ, 21-январда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тонна күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан Ford-Transit үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, 1 тонна күйүүчү май чыккан.

Унаанын айдоочусу товардын коштоочу документин көрсөтө алган эмес.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.