Марал Радиосу

Бүгүн чек ара маселеси боюнча Тажикстандын жумушчу тобу менен жолугушуу болот

Чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтордун изилдөө иштеринин жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды. Аныкталган жерлерди алмаштыруу боюнча бүгүн, 22-январда Тажикстандын жумушчу тобу менен  жолугушуу өтөт.

Чек ара маселеси боюнча Жогорку Кеңештин комитетинде кечээ, 21-январда болгон талкууда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча азыркы жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бир катар депутаттар чек ара маселесин чечүү сунуштарын жана суроолорду беришти. Буга чейин жолугушууда коюлган 6 келишим боюнча жер маселеси жана  аткезчиликти токтотуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Жеңиш Разаков аткезчилик менен күрөшүп жатканын айтып, бул маселе боюнча жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүзүлдү.