Марал Радиосу

Бүгүн Сенат Трамптын импичмент ишин карайт

Бүгүн, 21-январда АКШ Сенатында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси каралмакчы.

Учурда Трампка 2 айып коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчиси – Трамптын өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Президенттин юристтери алдыдагы импичмент боюнча уктурууларда Сенаттан Трампты актап чыгууну талап кылышты. Алар президентке импичмент көтөрүү демилгесин мыйзамга каршы аракет деп баалоодо.

Бүгүн Сенат бул маселени талкуулап, резолюцияны добуш берүүгө коюшу керек.

Президентти бийликтен четтетүү үчүн Сенаттын үчтөн эки бөлүгү демилгени колдошу керек. Бул жерде чечим бир аз башка тарапка оой тургандай. Себеби, Сенатта 100 орундун кырк жетисин гана демократтар ээлейт. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылар мурдагыдай эле Трампты колдоп келишет.