Биз менен байланышыңыз

Разаков: Тажикстан менен чектешкен жерлердеги аткезчилик токтогон

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 1750 | 1

Кыргызстандын тажик тарап менен чектешкен аймактарында аткезчилик жолу менен товар өткөрүү токтогон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айтты. Анда ал 2012-жылы Баткен облусунда губернатор болуп турган учурда координациялык штаб түзүлүп, көзөмөл жүргөнүн айтты.

Депутат Исхак Пирматов Тажикстанга кирип жаткан күйүүчү майларды контрабанда дегенге болбой турганын, алар реэкспорт жолу менен кетип жатканын айтты. Ал үчүн ар бир май куюучу жай салык төлөп жатканын белгиледи. Ошол себептүү жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүп, алардын товарларына убактылуу чек коюуну сунуштады. Мындай кадам менен кошуна өлкөнү чек ара маселесин чечүүдө ыкчам аракетке алып келсе болорун айтты.

Жеңиш Разаков да депутаттын сөзүн ырастап, түшкөн салыктык төлөмдөрдөн улам айрым айыл өкмөттөрү бюджетин 7 млн сомдон 70 миллион сомго чейин жеткиргенин айтты. Ал эми депутаттын чектөө киргизүү боюнча сунушун карай турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM