Биз менен байланышыңыз

Орозова: Чек арада жашаган элди камаганга кандай акыңар бар?

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 2344 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Баткендеги чек арада болгон чыр-чатактардан улам камакка алынган жарандар боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү парламенттин тармактык комитетинин жыйынында атайын органдарга кайрылып, жергиликтүү тургундарды камакка алганын сындады.

-Чек арадагы коопсуздукту орното албай, ал жердеги жашоочуларды камаганга кандай укугуңар бар? Өз оюн айтканы Бишкекке келген жарандарды эмне үчүн камакка алып, суракка тартып жатасыңар? Баш мыйзамда жазылгандай, ар бир жаран өзүнүн оюн эркин айтканга укугу бар. Аларга коопсуз абалды силер түзүп беришиңер керек. Силер коргобосоңор, ким коргойт аларды? Ансыз деле үйүндө ээн-эркин жата албайт. Ошол үчүн укук коргоо органдарына баа беришибиз керек. Атып жатса да, камап жатса да унчукпай жатабыз.

Ички иштер министрлигинин өкүлү мындай кадамдар коомдук тартипти орнотуу максатында жасалганын айтып түшүндүрдү.

Депутат бул сыяктуу чаралар элдин кыжырын келтирерин айтып, тургундарды коркутуп-үркүтүүдөн алыс болууга чакырды.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Кийин облустук соттун чечимине ылайык, алардын экөөсү үй камагына чыгарылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    21.01.2020 22:39

    Кандай болгондо да чек ара маселесин чечпей келген окмот мучолорун камоо керек, ошол жердин эли озу чек ара маселесин которбосо эч ким карама эмес.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM