Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин профилдик комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Баткен облусуна чек ара лицейин ачууну сунуштады.
Иманалиевдин пикиринде, Кыргызстандагы эң чек арачыл эл — Баткендин эли. Чек ара чыр-чатактарынын 90 %ы Баткен облусунун аймагында болот.
«Ошону эске алып, Чек ара кызматына кадрларды даярдашыбыз керек. Кесиптик-техникалык мектептин базасында чек ара лицейин ачышыбыз керек, же Бишкектеги аскердик окуу жайдын филиалын, түздөн-түз Коргоо министрлигине баш ийген лицей ачыш керек», — деди Иманалиев.
Ошондой эле эл өкүлү Өкмөттүн өкүлдөрүнө долбоорду бул жыл ичинде иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталуусун айтты.